• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар
  • Жарандык катышуу – жарандык коомдун маанилүү принциби, ал өзүнө башкарылгандарды башкарууга кошууну же тартууну (саясий, социалдык-экономикалык, маданий программаларды жана долбоорлорду талкуулоого жана иштеп чыгууга), чечим кабыл алууга таасир тийгизүүнү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү, жергиликтүү жамааттын алкагында өз алдынча башкарууну камтыйт. Бул коомдун да, мамлекеттин да мындан кийинки өнүгүүсүнө тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууда жарандык коом менен бийлик органдарынын ортосундагы социалдык өз ара аракеттин үзгүлтүксүз көп деңгээлдүү процесси. Бул процесс бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда эки багытта тең жүзөгө ашырылат. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: катышуучулардын кабыл алуусуна, аларды маалымдоого көмөктөшкөн чаралар; пикирлерди чогултуу жана ыктымал альтернативалардын ичинен өзгөчө алгылыктуу вариантын тандоо ж.б. Бул чечим кабыл алуу процессине жарандарды тартуу боюнча социалдык-саясий процесс, анын эффективдүүлүгү түздөн-түз өз ара аракеттин деңгээлин, формасын жана мүнөзүн туура тандап алуудан көз каранды .
    Жарандык катышуу жынысы, жаш курагы жана этникалык (регионалдык ж.б.) тиешелүүлүгү боюнча тең салмактуулукту сактоо менен жүзөгө ашат.
  • Бюджеттер аралык мамилелер – мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле бюджет процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамилелердин жыйындысы.
  • Маалыматтык алмашуу
  • Мыкты тажрыйба
  • Мыйзам чагаруучулук
  • Бирдиктүү мониторинг жана баалоо – Биргелешкен мониторинг жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен туруктуу негизде жүргүзүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде биргелешкен мониторинг жана баалоонун концепциясын түзөт. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн маанилүү себеби – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айылдык кеңештин, коомдук уюмдардын жана айылдык аймактын жамаатынын өзүнүн бардык ишинде отчеттуулук жана айкындуулук. БМжБ процесси аткарган стратегиялык тапшырмалардын бири – калктын ЖӨБ органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, ЖӨБ органдарынын ишинде эмне ишке ашып, ал эми эмнелер болбой жатканы тууралуу маалымат берүү; жалпы максатка жетүү үчүн кызматташуунун жана биргелешкен иштин кандай түрлөрү зарыл болуп, кандай жардам керектигин маалымдоо.
  • Ийгилик баяны
Версия для печати: print

Иш-чаралар